Редакцияот 06.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы ) кезектеги 4- сессиясы

2021-жылдын 6-декабры №11

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн балансында турган “Чечебай” башталгыч мектебинин чатырын жана эшик терезелерин толугу менен алмаштыруу жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы Республикалык бюджеттин

трансфертинен келген 500,0 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн балансында

турган Чечебай” башталгыч мектебинин чатырын жана эшик терезелерин толугу

менен алмаштыруу боюнча мектеп диретору Ч.Жоробекованын билдирүүсун угуп

жана талкуулап Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы Республикалык бюджетинин 4-кварталы менен максаттуу трансфертинен түшкөн киреше бөлүгүнө 500,0 сом акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу “Чечебай” башталгыч мектебинин тармагына 3111 беренесине 500,0 сом кошумча лимит бөлүп берүү жагы каралсын.

 

2. Айыл өкмөттүн бюджетине түшкөн кошумча акча каражатынын өз убагында аткарууга алуу жагы ФЭБ башчы Э.Маматовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жүктөлсүн.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин торагасы:

 

Таштан уулу Табылды