АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы ) кезектеги 5- сессиясы
2022-жылдын 21-январы №13
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджети боюнча, 2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолун кароо жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюдджетин бекитүү, 2023-2024 –жылдарга бюджеттеринин болжолун кароо жөнүндө айылдык кеңештин бюджет жана салык, социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, айыл өкмөт башчысынын, ФЭБ башчысынын сунуштарын угуп, талкуулап чыгып Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджети , кирешелери жана чыгашалары 6256,6 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
4. 2022-жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызматтар (катуу отун,көмүр)тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү , киреше салык, сапар чыгымдары , байланыш жана унаа чыгымдарын жабдууга багытталышы керектиги эске алынсын.
5. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү грантттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергия,катуу отун , көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушаары эскертилсин.
6. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылы бюджеттин чыгыша бөлүгүнө белгиленип, бирок каржыланбай калган каражаттар 2023-жылдагы бюджеттин чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
7. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолору жергиликтүү кенеш тарабынан каралып жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык комитети менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2022-жылга 62,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жергиликтүү бюджет боюнча жүгүртүүдөгү (оборотная кассовая наличность) акча каражаттары 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык 840,2 (сегиз жүз кырк миң эки жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Айланма бюджеттик калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн акча каражаттары 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык (свободный остаток) 840,2 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана кошумча сметалары түзүлсүн.
11. Өзгөн райондук статистика комитетинин 2010-жылдын 4-февралындагы №18 аныктамасына ылайык айыл өкмөтүнүн 6 (алты) айылына3 (үч) башчысынан турган штат бирдиги жана айыл өкмөтүнүн аткаруучу тескөөчү органынын структурасы 15(он беш) штаттык бирдиктен турган бирдиги бекитилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке жана айыл өкмөт башчысы М.Мырзахматовго,жооптуу катчы Т.Манабаевага жана ФЭБ бөлүм башчысы Э.Маматовго милдеттендирилсин.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин торагасы: |
Таштан уулу Табылды |