АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы ) кезектеги 5 - сессиясы
2022-жылдын 21-январы №15
Жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдарынын муниципалдык кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн кошумча эмгек акы төлөө боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы №451
токтому жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдарынын муниципалдык
кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Жарлыгынын 2-пунктунун
жана анын №4 тиркемесине ылайык мамлекеттик кызматта иштеген, эсгек
стажына жараша кошумча эмгек акы толөө боюнча Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө иштеген муниципалдык кызматкерлеринин тизмесине,штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын №608 5-сентябрь 2002-жылдагы токтомуна ылайык такталган жана мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген эмгек акы стажы эсептелсин.
2. Кошумча эмгек акы төлөө боюнча аныкталып райондук каржылоо бөлүмүнө бир нуска тиркемеси менен тапшырылсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчы башкы бухгалтер Э.Маматовго жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин торагасы: |
Таштан уулу Табылды |