АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 16
Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 01.01.2022-жылга калган калдык акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Алтын-Булак айылдык кеңеши Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн кызматтык автоо
унаасы эскирип калгандыгына байланыштуу аны жаңылоонун
зарылчылыгынан келип чыккан, эскисин баалаган баасында сатуу, бул бою.нча
айыл өкмөтүнүн өткөзүлгөн кесиптик кошуунунун протоколун негиз кылып
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн “НИВА” ВАЗ- 21214 маркасындагы кызматтык автоунаасы эскирип пайдаланууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүндө көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан ФЭБ башчы башкы бухгалтер Э.Маматовго өзүнүн макулдугу менен бааланган баасында сатылуусу айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. 2022-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджетинен калдык болуп калган акча каржататынан жаңы кызматтык авто унаа сатып алууга 700,0 миң сом аппарат болүмүнөн каржыланып бекитилсин.
3. Сатуудан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ бюджет, финансы, салык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Таштан уулу |