Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешини 5- чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 18

Сасык-Булак айылына салынган мечитти мыйзамдаштыруу жөнүндө

Сасык-Булак айылына салынган мечиттин документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндө

Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылына айылдык мечит куруу үчүн 329 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча керектүү курулуш документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

 

3. ”Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармалыгынан (Ибраимов Ж) бекитилип берилген жер аянтына болгон менчик укугун каттоо жагы суралсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Таштан уулу