АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 5- сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 19
Алтын-Булак айыл өкмөтүнө айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”мыйзамынын 3-беренесине ылайык, мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Алтын-Булак айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин жана келишим 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Алтын-Булак айыл өкмөтү аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн кагаз иштери боюнча адиси Карагулова Айжан Ниязалиевнага бектитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго милдеттендирилсин.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Таштан уулу |