АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы) кезектеги 5 – сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 20
Алыскы жайыттан эрте келген малдарга айып пул кароо жөнүндө
Алтын-Булак айыл аймагынын тургундарынын сунушун карап, алыскы жана
жакынкы жайыттагы малдарды тартипке салуу жөнүндө Алтын-Булак айылдык
кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башка райондон келген малдарга айыл өкмөттүн карамагына кирүүгө тыюу салынат.
2. Кайсыл айыл өкмөттөн мал алса ошол айыл өкмөттүн жайытына багылсын.
Алыскы жайытка сырттан алынып келинген малдарга ар бир баш кой – эчки- 40 сомдон, кара мал жана жылкыга – 200 сомдок жайыт акы алууга макулдук берилсин.
3. Алыскы жайлоого кеткен малдар сентябрь айынан эрте келбесин.Сентябрдан эрте келген малдарга: жылкы жана кара малга -1000 сом,койго-100 сомдон айып пул каралсын.
4. Эгинге түшкөн малдарга айып пул кароого макулдук берилсин.
- созсуз түрдө эгинге түшкөн малдардын видео жана фото сүрөтү болуусу зарыл.
- эгинине түшкөн жарандын арызынын негизинде айып пул төлөнөт.
- келтирилген чыгымды мал ээси ошол учурдагы баа менен данды же тоютту төлөп берет же болбосо ар бир баш кой - эчкиге -100сомдон кара мал жылкыга -1000 сом өлчөмүндө айып пул кароого макулдук берилсин.
5. жайлоого жиберилбей үйдө калган саан малдар 25-августка чейин кезүү же бада болуп кайтарылсын, кезүүнү кайтарбай же жарым күндө кое берип жиберген кайтаруучуларга 3000 сомдон айып пул салууга макулдук берилсин.
- эгерде айып пул төлөөчү адам төлөбөй тартип бузса, ал адам айыл өкмөттөн эч кандай документация ала албайт. Тартип бузуучу айып пулду дагы төлөйт жана дагы бир күн кезүү кезегин кайтарат.
6. Малын ички жайытта багам деген жарандар өз үлүшүнөн чыгарбай багуусу шарт.
- Башка жарандарга зыян келтирген учурда бекитилген тартипте жоопко тартылат.
7. Жайыт акы бир баш койго – 20 сом , кара малга -100 сом , жылкыга – 100 сом өлчөмүндө бекитилсин..
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Таштан уулу Т |