Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын (5-чакырылыштагы) 5-кезектеги сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 21

Таштанды таштоочу жай даярдоо жөнүндө

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жарандарынын социалдык маселелерин чечүү максатында

айыл өкмөттүн Алтын-Булак жана Чечебай айылдарынын бүтүшүнө таштанды таштоочу

жай даярдоо жөнүндө Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жарандарынын социалдык маселелерин чечүү максатында айыл өкмөттүн Алтын-Булак жана Чечебай айылдарынын бүтүшүнө таштанды таштоочу чункурча (яма) казылып даярдалсын.

 

2.  Таштандыны таштанды таштоочу жайга таштабаган жарандарга 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул каралып , элдик жыйынга салынсын.

 

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчылар Р.Манабаев, Т.Тазабеков, М.Байдолотовдорго жүктөлсүн.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Таштан уулу Табылды