АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Булак айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
2022-жылдын 21-январы №25
Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди инвентаризациялоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы
№638-т тескемесин аткарууга алуу жөнүндө Алтын-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнө карашатуу жер аянттары 2022-жылдын 10-майынан 10-июнуна чейин бир айлык мөөнөттө инвентаризациялоодон өткөрүлсүн.
2. Жерлерди инвентаризациялоо үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл - чарба жер токой маселелери боюнча туруктуу комиссияясына жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Таштан уулу Табылды |