Редакцияот 15.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергиликтүү кеңештин 5- чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7- сессиясы

2022-жылдын 15-сентябры № 38

Биринчи Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарын шайлоо жөнүндө

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 6-сентябрь 2022-жыл № 01-

13/43 сандуу “Кыргыз Республикасыныны Президентинин 2022-жылдын 15-

августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке

ашыруу чаралары жөнүндө Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 25-ноябрында өтө турган элдик курултайга Алтын-Булак айыл аймагынан 2 делегат шайлансын.

2. Чечебай , Кандава, Таш-Башат айылдары 25-октябрь күнү саат 10:00гө Кандава айылындагы маданият үйүндө өткөрүлүп бир делегат шайлансын.

3. Алтын-Булак, Сасык-Булак, Кара-Баткак айылдары 26-октябрь күнү саат 10:00гө Алтын-Булак маданият үйүндө өткөрүлүп бир делегат шайлансын.

4. Алтын-Булак айыл аймагында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо максатында өтүүчү жыйынды уюштуруу үчүн комиссия курамы түзүлсүн.

Комиссия курамы:

1.  Таштан уулу Табылды – АК торагасы

2.  Шерматов Анарбай – АК депутаты

3.  Абылкасымова Зымырат – АК депутаты

4.  Разакова Замира - АК депрутаты

5.  Моңолов Байыш –АК депутаты

6.  Чокмоев Жаныбек – Сасык-булак айылынын тургуну

7.  Арзыбеков Алимбек – Кара-Баткак айылынын тургуну

8.  Казыбаев Салимкул – Алтын-Булак айылынын тургуну

9.  Матоморов Жаныш - Таш-Башат айылынын тургуну

10. Тагайкулов Таалай- Кандава айылынын тургуну

11. Мурзаев Султан – Чечебай айылынын тургуну

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Разакова Замирага милдеттендирилсин.

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т.Таштан уулу