МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 19
Миң-Булак айыл өкмөтүнө автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча берилген өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 29-беренесине ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаменти менен Миң-Булак айыл өкмөтүнүнүн ортосунда түзүлгөн “Миң-Булак айыл өкмөтүнө автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча берилген өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө” келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |