Редакцияот 15.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 16-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2022-жылдын 15-августундагы № 16/2

 

Кызыл-Жар айыл аймагындагы Коо-Чаты, Күйө-Таш, Чычырганак, Кызыл-Жар айылдарына таза суунун түтүктөрүн ар бир турак - жайга тартырууга Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын иш аракеттери жөнүндө

 

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын турак –жайларга таза суу киргизүү боюнча аткара турган кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи менен таанышып чыгып, кызмат аксын жогорулатып берүү максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын турак-жайларга таза суу системасын орнотууда элдин салымы 1560 ( бир миң беш жүз алтымыш) сом бекитилсин. ( тарифдин тиркемеси тиркелет)

2. Жогорудагы кызмат көрсөтүү боюнча түзүлгөн тарифди туура иштетүү жана элдик салымды топтоо, таза суу системасын ар бир турак жайга сапаттуу киргизип берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн алдында уюшулуган “Чычырганак” муниципалдык ишканасынын директору А.А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.

3. Кызыл-Жар айылдык Кеңеишинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирлсин.

 

 

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы

Г.Эрматова

 

 

Бекитем

Кызыл-Жар айылдык Кеңещи

15.08.2022-жыл № 16/2 тиркеме

Элдик салымдын тактамасы

№

Аталышы

Сумма

Үлгү

1

Взнос фонд

200

2

Техникалык шарттар, абоненттик китепче келишим

200

3

Канцелярдык чыгымдар

100

4

Транспорттук чыгымдар

200

5

Сантехникалык кызмат (негизги кудуктан үйго чейин түтүкчөлөрдү жыткыруу)

300

6

Өздүк салым 30% суу өлчөгүч (счетчик)

360

7

Эмгек акысы (компьютердик базага киргизүү ж.б.)

200

 

Жалпы:

1560

Жалпы: