Редакцияот 06.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 6- апрели № 48/VIII-29

 

Садовое айылындагы таштандыларды чыгаруу кызматына тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде таштанды чыгаруу кызматына тарифтерди карап чыгып, талкуулап, «Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасынын 2022 жылдын 5 -апрелиндеги өтүнүчүн карап, Ивановка айылдык кеӊеши:

 

токтом кылат:

 

1.Садовое айылындагы кожолуктардан таштандыларды чыгаруу баалары  жылына 360 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Г. Т.Самсалиева