Редакцияот 19.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 18-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2022-жылдын 19-сентябрындагы № 18/4

 

Балык чарба уюштуруу жөнүндө

 

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын “Тегирмен” участкасынан балык чарбасын уюштуруу боюнча Кайың-Талаа айылынын тургуну Мелисбек уулу Мырзабекдин берген маалымат угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын “Тегирмен” участкасынан балык чарбасын уюштуруу үчүн жер аянттын Кайың-Талаа айылынын тургуну Мелисбек уулу Мырзабекке бөлүп берүү жагы белгиленсин.

2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын “Тегирмен” участкасынан балык чарбасын уюштуруу боюнча жер аянттын 5 жылдык мөөнөт менен ижарга берүү жагын жайыт комитети менен айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Кызыл-Жар айылдык Кеңеишинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирлсин.

 

  

 Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы

Г.Т.Эрматова