БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы № 164
01.01.2024-ж. карата атайын каражаттагы бош калдыкты 1 283,5миң сом бөлүү жөнүндө
Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2024-ж. карата 1 283,5миң сом атайын каражаттагы бош калдыкты төмөнкү бөлүмгө жана беренеге бекитилсин:
Бөлүм | Берене аталышы | Берене коду | 2023-ж. бекитилген | Квартал боюнча |
70911 “Мектепке чейинки билим берүү” | Тамак – аш сатып алуу | 22181100 | 1283,5миң сом | 1-квартал 1 283,5миң сом |
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан 2024-жылга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы белгиленген мыйзамдуу тартипте каралсын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемеси)
Төрага | Т.К.Кулжанов |