Редакцияот 09.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

 

2024-жылдын 9-августу  №39

 

“Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер- акушерлик пунктунун атын өзгөртүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген”Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу”Жобонун негизинде(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:.

1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими эске алынсын.

 2. Кара-Күнгөй айылындагы Коргон-Шанек фельдшер-акушерлик пунктунун атын көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген дарыгер маркум Ормонбеков Руслан атындагы фельдшердик акушердик пункту болуп өзгөртүлсүн.

3. Ормонбеков Руслан атындагы фельдшер- акушерлик пунктуна тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү Р.Ормонбековдун уул-кыздарынамилдеттендирилсин.

  4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

 

5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Төрайым

 А.К. Жумалиева