Редакцияот 09.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

 

2024-жылдын 9-августу  №40

 

“Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндө”

            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген”Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу”Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:

1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими эске алынсын.

 2.Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын ,  көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген ,Улуу Ата мекендик согуштун жесири маркум Калича Апа атындагы №20 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси болуп өзгөртүлсүн.

3. Калича Апа атындагы №20 мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү Калича Жунусованын уул-кыздарына милдеттендирилсин.  4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Төрайым

 А.К. Жумалиева