Редакцияот 29.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 29- апрели № 51/X-29

 

Медресеси бар мечит курууга станция Ивановкадан жер тилкесин берүү жөнүндө

 

             Чүй облусунун мусулмандар казыятынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 53 кайрылуусун карап, Жер, айыл чарба жана экология боюнча комиссиянын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 15 отурумунун протоколунун, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан «Станция Ивановка, Токтогула н/ж көчөсунө медресеси бар мечитке жер тилкесин түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө” курулуш комплексин (мечит, медресе, тигүү цехи, компьютердик класс) куруу үчүн берилген Пландын негизинде,  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-беренесин жетекчиликке алып, Ивановка айылдык кеӊеши

 

токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын жалпы талаптарын сактоо менен курулуш комплексин (мечит, медресе, тигүү цехи, компьютердик класс) куруу үчүн Чүй облусунун мусулмандар казыятынына Ивановка айыл өкмөтү тарабынан Токтогул, н/ж  көчөсүндө жайгашкан 1940,00 м2 жер тилкесин бөлүп берүү сунушталсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Иваново айыл өкмөтүнүн башчысы Мээрим Кадыркуловна Мадияровага жүктөлсүн.

Төрага

 

Г. Т.Самсалиева