Редакцияот 29.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 29- апрели № 52/X-29

Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун акысыз берүү жөнүндө

 

          Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2022-жылдын 4-апрелиндеги №116220330RVWF00564 «Ивановка айылындагы медициналык мекемеге Ивановка а., Гр.Ильина,171 көчөсүндө,  аянты 1607,0 кв.м жер участогун түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө» жер участогунун Планынын негизинде, жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктун жана 32-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Ивановка айылдык кеӊеши

 

токтом кылат:

 

1.Ивановка айылынан Гр.Ильина,171 көчөсүнөн Ивановка айылына ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) куруу үчүн Ивановка айыл өкмөтүнө аянты 1607,0 кв.м жер тилкесин муниципалдык менчикке берүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Г. Т.Самсалиева