Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

 

2024-жылдын 27-августу  №1

 

“Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө”

          «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республликасынын шайлоо жана референду өткөрүү боюнча Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын 12.07.2024-жылдагы №10/8-сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы участкалык комиссиялардын резервине талапкерлердин курамы №1-тиркемеге ылайык макулдашып, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтом менен макулдашылган тизмени шаардык кеӊештин регламентинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин. 
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган   күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

А.Дуйшеев