Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 25-февралы № 70

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 буйругу менен бекитилген “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди” бекитүү жөнүндөгү буйрукту жетекчиликке алып, Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл аймагында “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери” №1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Э.Т.Тажыкановко жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза

 

 

Бердике баатыр айылдык

Кеңешинин 2023-жылдын 25

Февралындагы №70 Токтому

№1 тиркеме

 

 

Бердике баатыр айыл аймагында көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо

боюнча эрежелер

 

1.    Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

2.    Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтунун бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.

3.    Бердике баатыр айыл аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланып жаткан жерге чыгарууга жол бербейт.

4.    Таштанды челектерин кече чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирууге тыюу салынат.

5.    Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөгөө, от жагууга, таштандыларды көмүгө тыюу салынат.

6.    Газондорго, гулзарларга, клумбарларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объектгерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тартуучу тутуктөрду төшөөгө тыюу салынат.

7.    Жашылдандыруу

8.    Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:

–     бак-дарактарды отургузуу,

–     бак-дарактарды жана бадалдарды, гулзарларды багуу боюнча иштер - жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чеитерду тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту суйуучу өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелуу жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;

9. Жашыл аймактарды талаптагыдай кутуу жана сактоо учун жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

–     Жалпы пайдалануудагы аймактарды - сейил бактарда, кечелерде - айыл өкмөтү аныктаган тиешелуу кызматтарды/иштерди аткарууга;

–     Турак жайлар жайгашкан квартал ичиндеги участоктордо - уй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;

–     Уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;

10. Жашыл аянттардын бардык турлеру учун сугаруунун жыштыгы май айынан август айын кошо алганда 7-10 кундо бир жолудан кем эмес болушу керек.

11. Жашылдандыруу обьектилериндегн жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00ден кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00ден кийин жүргүзүзүлөт.

12. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.

13. таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын буткул вегетация мезгилинде жургузулөт.

14. Тузулушун келтируу учун кыркуу - таажыга ылайыктуу тузулушту камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светафордун ж.б. көрүнүсүн камсыз кылуу максатында жургузулөт. Бак-дарактарды. жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жургузулбейт.

15. Бердике баатыр айьш аймагын жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан. таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү. тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду ирээтке келтиргенден кийин жүргүзүлүлөт.

16. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.) жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат. "

17. Бердике баатыр айыл аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктуу жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.

18. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат: