Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

2024-жылдын 27-августу  №4

 

“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги муниципалдык батирди менчиктештирүү жөнүндө”

            Кыргыз Республикасынын “Турак-жай” Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана 59-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 21.06.2024-жылдагы чыг.№01.19/3389-сандуу каты шаардык кеӊештин 08.08.2024-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, комиссиянын чечиминин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XLIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Эркин-Тоо кыска көчөсүнүн №10 корпусунун №3 дарегинде жайгашкан турак жайды Абдылдаев Эдилбек Абдылдаевичтин жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Ж.Борүкулов) муниципалдык үйдү мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы мылдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Төраганын орун басары

А.Дуйшеев