Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2023-жылдын 14-февралы № 9/3

2023-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине негиз, Кербен шаарынын мэринин 02.02.2023-жылдагы № 01-20/87 сандуу кайрылуусун, Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Б.Апсаматовдун, Кербен шаардык кеңешинин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мавляновдун маалыматтарын карап жана талкуулап Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

     1. 2023- жылга Кербен шаарынын жалпы бюджети

- киреше боюнча – 87172,0 миң сом ;

- чыгаша боюнча - 87172,0 миң сом ;

- анын ичинен атайын каражат – 20558,7 миң сом суммасында бекитилсин.

     2. 2024-2025-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

Кирешелер боюнча: 2024- жылга – 91513,3 миң сом суммасында;

                                          2025-жылга – 95304,8 миӊ сом суммасында;

Чыгашалар боюнча: 2024- жылга - 91513,3 миң сом суммасында;

                                         2025-жылга – 95304,8 миӊ сом суммасында.

2024-2025-жылдарга жактырылган Кербен шаарынын бюджетинин болжолдуу

параметрлери алар кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.

     3. 2023-жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү № 1, атайын каражат № 3 жана 2024- 2025- жылдарга болжолу № 4,№ 5 тиркемелерге ылайык жергиликтүү салыктардын булактары, мамлекеттик чегерүүлөр жана башка жыйымдар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү белгиленсин.

     4.2023-жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражат №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

     5. 2023-жылдын 1-январына калган бюджеттик калдыктын чыгымы – 22556,1 сом суммасында № 6-тиркемеге ылайык бекитилсин, Анын ичинен, инвестиция тартууга бөлүнгөн каражатын эсебинен Ак-Дөбө-Кербен жолунун жээгине жөө адамдар жүрүүчү жол салуу долбоорун колдоого 2800,0 миӊ сом суммасында каражат бөлүнүп берилсин. Атайын каражаттан калган калдыктын чыгымы - 476,8 миӊ сом бала-бакчалардын, мэриянын муктаждыктарын чечүүгө багытталсын.

     6. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепетин жоюу жана эпидемиология боюнча иш-чараларга - 400.0 миң сом, Кербен шаарынын аксакалдар сотун материалдык, техникалык колдоо үчүн - 80,0 миң сом бөлүнсүн.

     7.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, соц.фонд, тамак-аш, медикамент) жана коммуналдык чыгымдар боюнча жүргүзүлсүн.

     8. 2023-жылдын 1-январына карата шаардын бюджети боюнча жүгүртүлүүчү накталай акча - 100,0 миӊ сом суммасында бекитилсин.

     9. «КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык, жалпы Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларынын 1 (бир) пайызына чейинки өлчөмдө - 666,1 миң сом эсебинде резервдик фонд түзүлсүн, анын ичинен 70 пайызы-466,3 миӊ сом мэрия тарабынан , 30 пайызы - 199,8 миӊ сом шаардык кеңештин чечими менен аткарууга алынсын жана резервдик фонд Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган, күтүлбөгөн чыгашаларды, ошондой эле социалдык маданий жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча приоритеттүү долбоорлорун багыттуу каржылоо белгиленсин.

     10. Резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрдү, жеке уюмдардын юбилейлерин каржылоого тыюу салынсын.

     11. Кербен шаарынын мэринин милдетин аткаруучуга жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучуга, смета боюнча шаардык кеңешке бөлүнгөн каражатты башкаруу, тескөө кеңештин төрагасы тарабынан аткарылары жана ички бухгалтериялык документтер төраганын колу менен бекитилери эскертилсин.

     12. Кербен шаарынын мэриясы :

-бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн;

-бардык ички финансылык резервдик бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча чукул чараларды иштеп чыксын;

-Финансылык тартипти чындоо боюнча КР бюджеттик мыйзамдарын жана тиешелүү органдардын талаптарын аткарууну камсыз кылсын.

13.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

     14. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

15.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемелери)

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы:

 

Ж.Омуралиев