Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 14-апрели № 77

 

Бекболот кызы Айганышка жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө

 

КР Турак жай Кодексинин 44-берене 1-бөлүмү, КР Жер Кодексинин 32-беренесин аткарууга алуу максатында , Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги № 19 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Козучак айылынын тургуну Бекболот кызы Айганышка Атаканов Жамансары көчөсүндөгү 0,8 га бош жер участогу там салуу үчүн жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. Курулуш жумуштары райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына алынган юридикалык иш кагаздарынын жана бекитилген курулуш куруу документтеринин негизинде курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун максаттуу аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза