КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 9/5
Кербен шаарынын мэриясынын карамагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбияланып жаткан ата-энелерден тамак-ашка жыйналуучу жыйым жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 10.02.2023-жылдагы “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчу тамак-аштын сапатын көтөрүү, чыгымдалуучу каражатты ата-энелер тарабынан 50 (элүү) сомго жогорулатып берүү жөнүндө”
№01-04/118 сандуу кайрылуусун жана шаардык кеӊештин билим берүү, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 25, ата-энелер чогулуштарынын токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдардагы тамак-ашка ата-энелер тарабынан топтолуучу каражат 2023-жылдан баштап 1 (бир) күнгѳ 1 (бир) тарбиялануучу үчүн - 50 (элүү) сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.
2. Кербен шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелер тарабынан топтолуучу каражатты казына аркылуу кириштөө жана бир күндүк калориянын нормасына ылайык келтирүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, тендер аркылуу келген азык-түлүктөрдү аткаруучудан (поставщик) комиссиянын көзөмөлүндө кабыл алуу үчүн жооптуу экендиги эскертилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо,регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага тапшырылсын.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Омуралиев |