БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-июну № 82
Бердике баатыр айыл аймагынын 2024-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жана коомдук угууну өткөрүү жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз № 22 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга карата долбоордун киреше жана чыгаша бөлүгүнүн -8564,0 миң сому элдик жыйын уюштурулуп, коомдук угуунун негизинде талкууга коюлуп кабыл алынды.
2. Бердике баатыр айыл аймагынын 2024-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү боюнча 2024-жылга-8564,0 миң сом, 2025-жылга -10435,3миң сом,2026-жылга -11473,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бердике баатыр айыл аймагынын 2024-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше булагы тиркелген тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. Бердике баатыр айыл аймагынын 2024-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү боюнча 2024-жылга-8564,0 миң сом, 2025-жылга -10435,3 миң сом,2026-жылга -11473,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышы көзөмөл жүргүзүү жагы Бердике баатыр айылдык Кеңештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |