Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

2024-жылдын 27-августу  №7

 

“Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга долбоору жана 2026-2027- жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө”

            Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин” 79 жана 95-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3548-катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XLIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 1066620,2 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 244016,6 миң сом өлчөмүндө жана 2026-2027-жылдарга божомолу №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
  2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга түзүлгөн чыгаша бөлүгүнүн долбоору 1 066 620,2 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөр 244 016,6 миң сом өлчөмүндө жана 2026-2027-жылдарга божомолу №2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
  3. Жалал-Абад шаарынын финансы башкармалыгынын башчысына (Н.Хайткулов) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга долбоору жана 2026-2027-жылдарга божомолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
  5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары

А.Дуйшеев