Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 26-июлу № 84

 

Асакеев Айбек Төлөбековичке жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө

 

Талас райондук прокуратурасынын 30.06.2023-жылдагы №11/2-23 сандуу ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талабын жана КР Турак жай Кодексинин 44-берене 1-бөлүмү, КР Жер Кодексинин 32-беренесин аткарууга алуу максатында, Депутатарбын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги №12 сесиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Козучак айылынын тургуну томолой жетим Асакеев Айбек Төлөбеовичке Кулан Атаев көчөсүндөгү 0,10 га бош жер участогу там салуу үчүн жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. Курулуш жумуштары райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына алынган юридикалык иш кагаздарынын жана бекитилген курулуш куруу документтеринин негизинде курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен жүргүзүлсүн.

3. Жеке менчик турак жай куруу үчүн берилген жер участогун чек арасы натурасында (жеринде) аныкталып жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жана турак үйдүн макулдашылган долбоору берилгенге чейин курулуш баштоого тыйуу салынат.

4. Токтомдун максаттуу аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза