Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

МИң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

2024-жылдын 8-августу №17/119

 Миң-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка)   жөнүндө

         Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагы боюнча,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын  16.06.2023-жылдагы №62-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап, Миң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын. Тиркеме тиркелет (23 барак)

2. Миң-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна  сунуштоо тапшырылсын.

         3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн  башчысы Б. Кошалиевге   милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп,  min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Жолдошовго  тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А. Жамангулов