БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 2-октябры № 105
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” №215 сандуу Жарлыгын карап жана талкуулап Депутаттардын Бердике баатыр айыл кенеши токтом кылат:
1. Бердике баатыр айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултай өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын жалпы саны айыл жашоочулардын санына жараша 50 делегат бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү аймактарга төмөндөгүдөй бөлүнсүн Кум-Арык айылынан 23, Козучак айылынан 16, Арашан айылынан 11.
4. Жергиликтүү жамааттардын Элдик Курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адам деп белгиленсин. Жумушчу тобунун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү жамааттардын Элдик Курултайын өткөрүүнүн иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |
|
| 1 тиркеме Бердике баатыр айыл кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 105 чечими менен бекитилген |
Бердике баатыр айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо
боюнча Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун
курамы
Азизбек уулу Улукмырза- айыл кеңештин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасы
- Токтогонова Гүлзат Туртемировна- жооптуу катчы, уюштуруу комитетинин катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү
- Жолтоев Сыймык- айыл башчы
- Токтогазиева Айчүрөк Кемелбековна- аялдар кеңешинин төрайымы
- Маматбекова Мира- К.Нурбеков орто мектебинин директору
- Эсенаманова Адила- М.Мамбетов орто мектебинин директору
- Исаев Кубан- Арашан орто мектебинин директору
- Сабатарова Махабат- айылдык депутат
- Жумашалиева Жамилия - айылдык депутат
|
| 2 тиркеме Бердике баатыр айыл кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 105 чечими менен бекитилген |
Элдик курултайды өткөрүү боюнча иш-чаралар планыны
№ | Аткарылуучу иш чаралар | Жооптуулар | Мөөнөтү | Эскертме |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткорүү жөнүндөгү” №215 сандуу Жарлыгы менен кабыл алынган убактылуу Жобонун ченемдери тууралуу калк арасында | Айыл өкмөт | 2023-2024-жж |
|
| Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууда материалдык техникалык базалар менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү уюштуруу | Айыл өкмөт | Сентябрь-ноябрь |
|
| Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу комитеттерин түзүү | Жергиликтүү кеңештер жана айыл өкмөт | Октябрь |
|
| Делегаттарды шайлоо процессин таза өткөрүүнү камсыз кылуу | Айыл өкмөт | Октябрь-ноябрь |
|
| Айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Элдик Курултайдын графиктерин иштеп чыгуу | Жергиликтүү кеңештер жана айыл өкмөт | Октябрь |
|
| Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын айыл өкмөттөр жана жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүү | Жергиликтүү кеңештер жана айыл өкмөт | Түзулгон графиктин негизинде |
|
| “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү иштерди жүргузүү | Жергиликтүү кеңештер жана айыл өкмөт | Октябрь |
|
| Элдик Курултай жөнүндө жергиликтүү калк арасында түшундурүү иштерин жүргүзүп, массалык маалыматтар каражаттары аркылуу кеңири чагылдыруу | Айыл өкмөт | Октябрь-декабрь |
|
|
| 4 тиркеме Бердике баатыр айыл кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы № 105 чечими менен бекитилген |
Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнчачогулуштардын өткорүү
графиги
Бердике баатыр айыл аймагынын Кум-Арык, Козучак, Арашан айылдарында
2023-жылдын 16-октябрынан 2023-жылдын 21-октябрына чейинки мезгилде
№ к\к | Күнү, айы, жылы | Убактысы | Өтүүчү орду | Катышуучулар | Жооптуулар | Телефон |
1. | 17.10.2023 (шейшемби) | 14.30 | Кум-Арык айылы | Кум-Арык айылынын тургундары | М.Сабатарова | 0703233480 |
2. | 18.10.2022 (шаршемби) | 14.30 | Козучак айылы | Козучак айылынын тургундары | Азизбек уулу Улукмырза | 0706847788 |
3. | 19.10.2022 (Бейшемби) | 14.30 | Арашан айылы | Арашан айылынын тургундары | Ж.Жумашалиева | 0703650826 |