Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-октябры № 106

 

Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдын 9 айына карата ашыкча аткарылган салыктын кээ бир түрү боюнча келип түшкөн 1190000 сом каражатты планга киргизүү жана аны пайдалануу жөнүндө

 

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз № 25 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдын 9 айына карата ашыкча аткарылган салыктын кээ бир түрү боюнча келип түшкөн 1190 000 сом каражатты планга киргизүү жана аны пайдалануу төмөнкүчө жумшалсын.

- Пландан тышкары ашыкча аткарылган подоходдук салык - 980,0 миң сом

- Транспорт салыгы - 60,00 миң сом

- Патент негизинде алынуучу салык -150,0 миң сом

Бардыгы 1190,0 миң сом

- Башкаруу бөлүмүнө К.Нурбеков орто мектебинин өздүк салымына технадзорго, жерлерди трансформациялоого , айлана-чөйрөнү коргоого,келишим менен мамлекеттик сатып алуу боюнча адиске, спортту колдоо үчүн күрөш залы инвентарь алууга жана башка керектүү майда -буюмдарды алуу үчүн -жыйынтыгы 479,4 миң сом

- Бала бакчага- от казандарын оңдоого жана майда ремонт иштерине-123,6 миң сом

- Билим берүү тармагына- от казандарын оңдоого жана майда ремонт иштерине -487,0миң сом

  - Социалдык коргоо бөлүмүнө карылар күнүнө карата -100,0 миң сом

 

2. Жогорудагы бөлүнгөн каражаттар 2023-жылдын 9 айына карата ашыкча аткарылган салыктын кээ бир түрү боюнча келип түшкөн каражат 1190,0 миң сомдун эсебинен жумшалсын.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза