Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

2024-жылдын 27-августу  №9

 

“Жалал-Абад шаарынын Ы.А.Айсариев көчөсү №117 дарегинде жайгашкан “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин имараттарынын ижара акысын бекитүү жөнүндө”

      Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 29.07.2024-жылдагы чыг.№01-7/807-катынын жана каттарга тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XLIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы X сессиясынын №3 токтому жокко чыгарылсын.
  2. Жалал-Абад шаарынын Ы.Айсариев көчөсү №117 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 25268,0 чарчы метр түзгөн муниципалдык жер аянтынын жана жер аянтында турган “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин имараттарын пайдалануу үчүн ижара акы бир жылына 740,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ата-энелер төлөмүнүн өлчөмү көтөрүлгөн учурда бул токтом кайрадан кароого тийиш жана 5 (беш) жылда бир жолу тарифти кайрадан кароо үчүн Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кароосуна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү натыйжалуу пайдалануу, кыргыз-түрк лицейинин жетекчилигине жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 Төраганын орун басары

А.Дуйшеев