Редакцияот 17.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 17-июлу № 1

        Өрүктү айылдык аймагында кичи долбоорлорду каржылоо жөнүндө 

          Өрүктү айылдык аймагынын бюджетинин 2023-жылдын II кварталына карата киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджеттин II кварталына карата киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, айыл аймагынын башчысынын билдирүүлөрүн эске алып, айыл аймакта ишке ашырылуучу кичи долбоорлорду каржылоо үчүн каражат бөлүү максатында Өрүктү айылдык  Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:

 

1. Өрүктү айылдык аймагында кичи долбоорлорду каржылоо үчүн акча каражаттар төмөнкүдөй болуп бөлүштүрүлсүн:

-       Үч-Терек мектебинин ашканасына кошумча кампа куруу жана эки окуу бөлмөсүнүн полун жаңылоо – 582,0 миң сом;

-       Ж. Бешимов мектебинин ашканасын жаңылоо – 400,0 миң сом;

-       Бүчүр балдар бакчасынын ажатканасын жаңылоо – 391,0 миң сом;

-       Ынтымак мектебинин жылытуу системасын жана окуу бөлмөлөрүнүн полун жаңылоо – 658,0 миң сом.

Жалпы: 2 031,0 миң сом жогорудагы кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылансын. 

2. Аталган каражаттарды тиешелүү статьялардан бөлүштүрүү жана өз убагында, өз максатында каржылоону көзөмөлдөө айыл аймак башчысына жүктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү  Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү  айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Өрүктү айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева