БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-октябры № 112
Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы №590-т тескемесинде максаттуу транферт түрүндө 5233 800 сом бөлүнгөн каражатты пайдалануу жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 26 сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы №590-т тескемесинде максаттуу транферт түрүндө 5233 800 сом бөлүнгөн каражатты пайдалануу төмөнкүчө жумшалсын:
- Башкаруу бөлүмүнө- АРИС аркылуу Козучак айылындагы ФАП капиталдык ремонттон өтуп жаткандыгына байланыштуу 250 000сом өздүк салымга, Кумарык, Козучак, Арашан айылдарынын ички көчөлөрун оңдоп-түзөөгө, труба, шагыл төшөөгө, госакты, жерлерди трансформациядан өткөрүүгө, газетага жазылуу, жарыяларды берүү, топосъёмкага, кадрларды окутууга,муниципалдык мекемелерге акылдуу счетчик орнотууга, Беларусь-эксковатор тракторуна запастык бөлүктөрдү алууга жана башка иштерди аткарууга-2598 200 сом
- Бала бакчага- майда ремонт иштерине өрткоопсуздугун алдын алууга 2-этажга тепкич салуу,кошумча комур отунун алууга, жууркан, матрас, шейшептерди жана башка чарбага керектүү буюмдарды алууга - 546 200 сом
- Билим берүү тармагына- сырткы майда ремонт иштерине,К.Нурбеков орто мектебинин спорт залынын терезесин алмаштырууга, М.Мамбетов мектебинин 3сааттык кыска мөөнөтү бала бакчасынын айланасын курчоого, көмүр отунун алууга-1607 400 сом
- Социалдык коргоо бөлүмүнө- мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кургак учук менен ооругандарга, томолой жетимдерге, жакындан жардам көрсөтүү -202 000 сом
- Маданият бөлүмүнө- Ч.Айтматовдун 95-жылдыгын райондук деңгээлде өткөрүү үчүн, 2022-жылы капиталдык ремонттон өткөн Кумарык айылынын маданият үйүнө керектүү буюмдарга, Козучак айылынын библиотекасын оңдоого жана башка маданий иш чараларды өткөрүү үчүн -280 000сом
- Бардыгы 5 233 800(беш миллион эки жүз отуз үч миң сегиз жүз)сом
2. Жогорудагы бөлүнгөн каражаттар 2023-жылдын 5 233 800 сомдун эсебинен жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |