Редакцияот 23.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 23-октябры № 113

 

Токой тикесинен жашылдандыруу боюнча

 

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 26 сессиясы

 

Кум-Арык айылынын тургуну Алымбеков Абжалбектин айыл өкмөтүнө жазган арызын карап чыгып, чек арада жайгашкан токой тилкесинен куурап калган дарактардын ордун толуктоо максатында жерлерди курчап тазалоо жана бак дарактарды олтургузуп жашлдандыруу максатында асылдуулугу төмөн айыл чарба жеринен бак дарак тигүү үчүн Бердике баатыр айыл Кенеши токтом кылам:

1. Бердике баатыр айыл аймагына караштуу “Присельный” участогунда жайгашкан №22 чөйрө сызыгынан айыл чарбасы үчүн пайдаланбаган жерден 1,50га жер участогун б.а.эрозияга каршы бак дарак тигүү үчүн Алымбеков Абжалбек 7- жылдык мөөнөт менен ижарага бекитилип берилсин.

2. Ижара эки тараптуу келишим түрдөө түзүлсүн, милдеттендирилсин талаптар коюлсун.Алымбеков Абжалбектин тарабынан ижара мезгилинде талапка ылайык иштер (кызмат) жүргүзүлсүн.

3. Бөлүнгөн 1,5га жерге максаттуу иш алып баруу, тейлөө иштерин уюштуруу, айыл өкмөтү тарабынан коюлган талаптар толугу менен аткаруу жагы Алымбеков Абжалбекке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза