Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз XXV сессиясынын

 

2023-жылы 14-апрелиндеги № 25-4

 

Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгынын 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициэнтти кабыл алуу, айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А. Мусаеванын берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытындагы суу баскан аянтынын салыгы 1га жерге жеңилдиктен кийин жылына 191 (бир жүз токсон бир) сом өлчөмүнө бекитилсин;

 

2. 2023-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытындагы кайрак жер аянтынын салыгы 1га жерге жылына 54 сом 30 тыйын (элүү төрт сом отуз тыйын) өлчөмүндө бекитилсин;

 

3. 2023-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин: айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, 1,2,3,4-тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы, короо жай жана багбанчылык жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;

 

4. Ат-Башы айылындагы жайгашкан бардык соода түйүндөр,кафелер, коммуналдык социалдык тейлөө кызматтары, ресторандар,мейманканалар, базарлар, дарыканалар, дүкөндөр үчүн жер салыгын эсептөөдө зоналдык коэфициэнти -1,2 ченемдик өлчөмүндө бекитилсин;

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А. Мусаевага милдеттендирилсин;

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасынын орун басары

 

Э. Толубаев