КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 9/7
Кербен шаарында мүлк салыгын колдонуу киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” № 4-Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде
2023-жылдын 1-январынан мүлк салыгынын бардык түрлөрүн колдонууга киргизүү жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын
1-декабрындагы № 01-14/1458 кайрылуусун жана бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 22.12.22-ж № 19 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2023-жылдан баштап Кербен шаарынын аймагында жергиликтүү мүлк салыгынын бардык түрлөрү колдонууга киргизилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан маселелерди аткаруу боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн
Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Ж.Омуралиев |