КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 9/8
2023-2025-жылдар үчүн Кербен шаарынын аймагында айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн К3 зоналык коэффициентинин өлчөмдөрү жөнүндө
Кербен шаардык кеӊешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 06.02.23ж. № 27 токтомуна жана Кербен шаарынын мэриясынын 02.02.2023-жылдагы № 01-20/86 сандуу кайрылуусуна ылайык, КРнын салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна негиз, Кербен шаарынын аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлер үчүн К3 коэффициентинин өлчөмдөрү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-2025-жылдарга Кербен шаарынын аймагында айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн К3 зоналык коэффициенти бардык тармактар үчүн -1,0 эсебинде жана жумасына бир күн иштеген төмөнкүлөргө К3 коэффициенти -0,3 эсебинде белгиленсин:
- «Курмантаева Б» - «Динара» кафеси;
- «Курмантаева Б» - базар;
- «ОсОО Кудайназаров» - Кербен базары;
- «Биймырзаев М» - мал базар;
- «Биймырзаев М» - дүӊ базар;
- «Иманалиев А» - ун базар;
- «Мырзамамытов Н» - базар.
2. Кербен шаарынын мэриясы:
Айыл чарба багытында эмес жерлердин өзгөргөн багыттары боюнча тактоолорду жүргүзсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссияны төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы : |
Ж.Омуралиев |