КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 9/9
2023-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш планы жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 34-беренесине негиз, 2023-жылга Кербен шаардык кеңешинин иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга Кербен шаардык кеңешинин иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы : |
Ж.Омуралиев |
| Тиркеме Кербен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 9/8 токтому менен бекитилген |
2023-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ ПЛАНЫ
I квартал
1. 2022-жылда Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чараларынын жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
2. 2023-жылга Кербен шаарынын бюджети жана 2024-25-жылдарга болжолу жөнүндө.
3. 2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чарасы жөнүндө.
4. Кербен шаардык кеӊешинин иш планы жөнүндө
I квартал
Жергиликтүү китепканалардын ишин уюштуруу жана иштешин камсыз кылуу жөнүндө.
III квартал
Кербен шаарында архитектуралык-курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу жөнүндө.
IV квартал
Калкты сугат суу менен камсыздоонун абалы жөнүндө.
Кербен шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Д.Алиев |