Жараке айылынын көчөсүнө Т.Караевтин атын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Акман айылдык Кеңешине Жараке айылынын элинен 2023-жылдын 15-мартындагы №01-13/33 сандуу арызын канааттандыруу максатында, Мыйзамдуулук комитетинин 18.05.2023-жыл өткөргөн отурумунун корутундусуна таянып Жараке айылынын Бешик-Жон участкасындагы түштүк батыш тарапка карай баруучу кечеге Эргешов Абдыкадырдан Бектурсунов Жанарбекке чейинки көчөгө Караев Таштан агайдын наамын ыйгаруу учун Акман айылдык кенешинин УШ-чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын езгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Жараке айылынын Бешик-Жон участкасындагы туштук батыш тарапка карай баруучу көчөгө Эргешов Абдыкадырдан Бектурсунов Жанарбекке чейинки көчөгө Караев Таштан агайдын аты ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук комитетине жүктөлсүн.
3. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.