Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

2024-жылдын 27-августу  №16

 

“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү бузууга уруксат берүү жөнүндө”

      Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 15.08.2024-жылдагы чыг.№01-19/4659-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүнүн №282 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын эскилиги жеткен авариялык абалдагы имаратын бузууга макулдук берилсин.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Бөрүкулов) аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн, имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары

А.Дуйшеев