Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №3

Кайың-Суу айылына таза суу чыгаруу жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылдын №01-19/497  чыгыш сандуу 3-пунктунда  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылына таза суу чыгаруу  жөнүндө кайрылуусун карап жана  талкуулап Каныш-Кыя  айылдык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги XXVIII  сессиясы токтом  кылат:

 

1.     Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылдын №01-19/497 чыгыш сандуу  кайрылуусунун 3-пункту  эске алынсын.

2.     Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууга даярдалган долбоор сметанын негизинде 36 847 900 (отуз алты миллион сегиз жүз кырк жети миң тогуз жүз) сомдун 10( он) пайызы 3 684 800( үч миллион алты жүз сексен төрт миң сегиз жүз) сом, Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга даярдалган долбоор смета 62 512 300 (алтымыш эки миң беш жүз он эки миң үч жүз ) сомдун 10(он) паызы 6 251 200 (алты миллион эки жүз элүү эки миң эки жүз) сом,  Кайың-Суу айылына таза суу чыгарууга даярдалган  долбоор смета 55 569 400  (элүү  беш миллион беш жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сомдун 10 (он) пайызы  5 569 400 (беш миллион беш жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сом  жалпысынан 15 505 400 (он беш миллион беш жүз беш миң төрт жүз) сом менен Кайың-Суу айылына таза суу чыгарууга даярдалган долбоор сметанын негизинде жумушун  баштоого уруксат берилсин.

3.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                 М.Ш. Аликеев