Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

2024-жылдын 27-августу  №18

 

“Жалал-Абад шаарындагы Шабдалы Зар базарындагы тарифтерди бекитүү жөнүндө”

      Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.08.2024-жылдагы чыг. №01-19/4862 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын сунушунун негизинде муниципалдык менчике жаңы кабыл алынган Шабдалы Зар базарынын белгиленген зоналарынын тарифтерин көрсөтүлгөн схемага ылайык №1 зонадан №9 зонага чейин ижара акысы бир чарчы метрге 13 сом, кызмат акысы 3 сом, жалпы-16 сом, №10 зонадан №27 зонага чейин ижара акысы бир чарчы метрге 7 сом, кызмат акысы 3 сом, жалпы-10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Эсептин негиздөөчү материалдардын тактыгына жоопкерчилик, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары

А.Дуйшеев