Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №4

План алууга уруксат берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу 1-пунктунда  кошумча план алууга уруксат берүү  жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя  айылдык  Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы 

 

токтом  кылат:

 

  1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пункту эске алынсын.

2.     Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 5 (беш) айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга бекитилген пландан ашыкча аткарылган 20 000 000 (жыйырма миллион) жана калктуу конуштарга жер ижарасына 3 000 000(үч миллион) сом жалпысынан 23 000 000 (жыйырма үч миллион ) акча каражатына кошумча план алууга уруксат берилсин .  

3.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.     Бул токтомдун аткарылышын   камсыз кылуу   жагы   Каныш-Кыя айыл  өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага                                                                                                 М.Ш. Аликеев