МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 21
Садовое айылдык кеңешинин кабыл алынган 2022-жылдын 13-апрелиндеги №79, 2023-жылдын 06-сентябрындагы №157-токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун “Жерлерди трансформациялоо жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” №241 мыйзамынын 10-беренесине ылайык, жерлерди трансформациялоо боюнча жаңы токтом кабыл алынуусуна байланыштуу
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Садовое айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган “Жайыт жерлерин уруулар чарбасына (канаттуулары фермасы) өзгөртүү” жөнүндө №79 токтому, Садовое айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-сентябрындагы “№11, 22, 23, 24, 27, № 882, № 883, № 884 контурларындагы жайыт жерлерин которууга макулдук берүү” жөнүндө № 157 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |