КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 12-июну №6
Башкы-Терек айылындагы муниципалдык кампаны капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу 4-пунктунда Башкы-Терек айылындагы муниципалдык кампаны капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу кайрылуусунун 4-пункту эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылындагы муниципалдык кампаны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө даярдалган долбоор сметанын негизинде 8 915 109 (сегиз миллион тогуз жүз он беш миң жүз тогуз) сом Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алууга суралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага М.Ш. Аликеев