Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №7

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областык башкармалыгынын эсеп счётуна акча каражат которуу жөнүндө

 

            Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу 6-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылына 8,37 (сегиз миң  үч жүз  жетимиш) километр  аралыгына таза суу чыгарууда 2017-жылдын 28-апрелиндеги №72/1 сандуу келишимдин негизиндеги кайрылуусун карап   жана талкуулап Каныш-Кыя   айылдык  Кеңешинин   VII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы  токтом    кылат:

                                                             

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын  №01-19/475 чыгыш сандуу кайрылуусунун   6-пункту  эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя  айылына 8,37 (сегиз миң үч жүз жетимиш ) километр  аралыгына таза суу чыгарууда 2017-жылдын 28-апрелиндеги №72/1 сандуу келишимдин негизинде Чаткал райондук өнүктүрүү фонд тарабынан которулуп берилген 10 721 420 (он миллион жети жүз жыйырма бир миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатына аткарган жумушу боюнча контролдук өлчөө жүргүзүлүп, 1 238 600 (бир миллион эки жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом аткарылбай калган жумуштун акча каражатын  Кыргыз Республикасынын  улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областык башкармалыгынын эсеп счётуна которуп берүүгө уруксат берилсин. Мыйзамдуулук менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат   сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын   камсыз кылуу   жагы  Каныш-Кыя айыл  өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 Төрага                                                                                               М.Ш. Аликеев