Редакцияот 31.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 20-августундагы № 28-46/2

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына жер тилкесин мѳѳнѳтсʏз пайдаланууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 15-августундагы чыг:№01-16-4013 кайрылуу катын  карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXXXVI сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Кʏчʏков шоссеси жана Токтогул кѳчѳлѳрʏ тарабындагы жайгашкан жалпы аянты, 1га жер тилкени, мѳѳнѳтсʏз пайдалануу ʏчʏн, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын мамлекеттик менчигине ѳткѳрʏʏгѳ макулдук берсин.
  2.  

Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтом ММКларда жарыялансын.
  1. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

Тѳраганын биринчи орун басары                                                Т.Ж.Асирдинова