КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 12-июну №9
Каныш-Кыя айылындагы айыл чарба техникасынын гаражынын жана нан заводунун имаратын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылы №01-19/475 чыгыш сандуу 8-пунктунда Каныш-Кыя айылындагы айыл чарба техникасынын гаражынын жана нан заводунун имаратын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алууга уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылы №01-19/475 чыгыш сандуу кайрылуусунун 7-пункту эске алынсын.
2.Каныш-Кыя айылындагы айыл чарба техникасынын гаражын 3 120 000 (үч миллион жүз жыйырма миң) сом жана нан заводунун имаратын 3 300 300 (үч миллион үч жүз миң үч жүз) сом наркын баалоонун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн кошумча план алууга суралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн башчысы Б.Исабековго, аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнин бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага М.Ш. Аликеев