МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 22
Миң-Булак айыл аймагындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын “курулуш астында” жер түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтү менен дайындалган Миң-Булак айыл аймагындагы жерлерди биринчи участок боюнча № 823, 824 контурларындагы жалпы аянты 2,1997 га жер тилкеси, экинчи участок боюнча № 23, 24, 27 контурларындагы жалпы аянты 3,61 га жер тилкесин которуу боюнча материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы жерлерди биринчи участок боюнча жалпы аянты 2,1997 га № 823-контурда - 10200 м2 (жер түрү “имараттардын астында”), № 824- контурда – 11797 м2 (жер түрү “жайыттар”), экинчи участок боюнча жалпы аянты 3,61 га № 23-контурда – 2000 м2 (жер түрү “имараттардын астында”), № 23-контурда – 9400 м2, № 24-контурда – 24100м2, № 27-контурда – 600м2 ( жер түрү “жайыттар”), бардыгы 5,8097 га жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, жердин түрү “курулуш астында”, максаттык багыты малдын бардык түрлөрүн өстүрүү жана көбөйтүү анын ичинде канаттууларды инкубациялоо жана багууга база куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү ушул токтомду Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрага Саркулов Б.К.